1. Кайталануу ирети, мертебе. Садык районго нечен жолу барып келди (Байтемиров). Эки жолу Абдылда жигит болуп роль аткарган (Байтемиров). 2. Белгилүү бир мезгилде, учурда. Өткөн жолу байгени Маруся алган (Сыдыкбеков). Амантур бул жолу жөн эле окуу үйүнө кирип калды (Убукеев).
1. к. АК ЖОЛУ АЧЫЛУУ 2. Катташууга, барып-келип жүрүүгө шарты туура келүү, мүмкүнчүлүк алуу. Келинди отко кийирип койсок жолу ачылып калат эле («Чалкан»). Мейли, бирди-жарым катуу чатак чыгып кетсе, кийинкисине жакшы. Жолубуз ачылды (Ш. Үмөталиев).
1. к. ак жолу ачылуу. 2. Катташууга, барып-келип жүрүүгө шарты туура келүү, мүмкүнчүлүк алуу. Келинди отко кийирип койсок жолу ачылып калат эле («Чалкан»). Мейли, бирди-жарым катуу чатак чыгып кетсе, кийинкисине жакшы. Жолубуз ачылды (Үмөталиев).
Өз алдынча кетүүгө мүмкүнчүлүгү, укугу жок, өз башына өзү ээ эмес, бирөөгө көз каранды. Элди, жерди сагынганымды айтпа, кетейин дегенде эки көзүм төрт. Бирок, жолум байлануу («Ала-Тоо»).
Өз алдынча кетүүгө мүмкүнчүлүгү, укугу жок, өз башына өзү ээ эмес, бирөөгө көз каранды. Элди, жерди сагынганымды айтпа, кетейин дегенде эки көзүм төрт. Бирок, жолум байлануу («Ала-Тоо»).
Кандайдыр бир иши, көздөгөн максаты орундалбай, ордунан чыкпай калуу, иши оңолбоо. Асылжандан кийин акемдин аялдан жолу болбой калды (Сыдыкбеков). Жолу болбой Жолдубайдан, Жыгылды анын баары (Көчкөнов).
Кандайдыр бир иши, көздөгөн максаты орундалбай, ордунан чыкпай калуу, иши оңолбоо. Асылжандан кийин акемдин аялдан жолу болбой калды (Сыдыкбеков). Жолу болбой Жолдубайдан жыгылды анын баары (Көчкөнов).
Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу болуу. Мына эми жолуң боло берди, Каранар сага буюруп туулуптур, баркына жетип асырап ал (Айтматов). Барган жериңерде жолуңар болсун, кошкула, - деди жолоочу (Абдукаримов). Андан жолу болуп бир тоодак атып алышты (Жантөшев).
Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу болуу. Мына эми жолуң боло берди, Каранар сага буюруп туулуптур, баркына жетип асырап ал (Айтматов). Барган жериңерде жолуңар болсун, кошкула, – деди жолоочу (Абдукаримов). Андан жолу болуп бир тоодак атып алышты (Жантөшев).
Иши илгери болбогон, иши оңунан чыкпаган, таалайсыз деген сыяктуу жемелөө маанисинде колдонулат. Төштүктүн тогуз агасы, Жолу каткан иттердин, Акмактыгын карачы («Эр Төштүк»). Жоголгондор табылып, Жолу каткан чоронун, Абийири минтип жабылып («Сейтек»).
Иши илгери болбогон, иши оңунан чыкпаган, таалайсыз деген сыяктуу жемелөө маанисинде колдонулат. Төштүктүн тогуз агасы, Жолу каткан иттердин Акмактыгын карачы («Эр Төштүк»). Жоголгондор табылып, Жолу каткан чоронун Абийири минтип жабылып («Сейтек»).
Баштаган иши ийгиликтүү аяктабаган, кара жолтой, жолу болбогон. Жолу катуу түгөт чал, Жолбун иттей улуп кал (Тоголок Молдо). Молдобасаным, мынча болду, жолу катуу агаңдын тилин ал (Бейшеналиев).
Баштаган иши ийгиликтүү аяктабаган, кара жолтой, жолу болбогон. Жолу катуу түгөт чал, Жолбун иттей улуп кал (Тоголок Молдо). Молдобасаным, мынча болду, жолу катуу агаңдын тилин ал (Бейшеналиев).
Улуулугу бар, кадырлай турган, урматтай турган адам, кадырлуу, сыйлуу адам. Кичүү болгонуң менен сенин жолуң улуу, өйдө өт, өйдө өт, - деп калышты мага («Ленинчил жаш»). Жолу улуу киши.
Жаш курагына карабай сыйлануучу урматталууга жөнү бар, ызаатталууга жол берүүчү себеби бар адам, кадырлуу, сыйлуу адам. Кичүү болгонуң менен сенин жолуң улуу, өйдө өт, өйдө өт, – деп калышты мага. – Өт Баке, төргө, аяк алып ичер улуулугум болгон менен сен мага кайнагасың («Кыргызстан маданияты»).